USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Фердауз Убарикова парадзюдо боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту

18:25, 13 мая 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык спортчу Фердауз Убарикова Астанада (Казакстан) башталган парадзюдо боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу спорттун бул түрү боюнча федерация социалдык тармактарда билдирди.

Кыргызстандык спортчу J1 категориясында (46 килограммга чейин) күч сынашкан.

Аталган федерациядан белгилешкендей, бул медаль Кыргыз Республикасы үчүн парадзюдо боюнча дүйнө чемпионатында биринчи болгон.

13-майдан 15-майга чейин Астана шаарында дзюдо боюнча IBSA World Championships Astana 2025 өтүүдө. Турнир лицензиялык статуска ээ жана 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган Паралимпиадалык оюндарга квалификациялык системанын бир бөлүгү болуп саналат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18