Шаардык сот Рита Карасартованын баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды
Бишкек шаардык сотунун коллегиясы активист Рита Карасартованын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызын канааттандырган жок. Арыз канааттандыруусуз калтырылып, Свердлов райондук сотунун чечими күчүндө калды.

Эске салсак, 14-апрелде Рита Карасартовага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин («Массалык башаламандыктар») 3-пункту («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») боюнча айып тагылганын жарыялаган.