USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандын аймагында дагы бир жер титирөө катталды

14:17, 12 мая 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Кыргызстандын аймагында дагы жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Жер титирөө саат 12:38де болгону такталды. Жер титирөөнүн очогу өлкө аймагында, Жаңы-Талап айылынан 7 чакырым түштүк-батышты карай, Баетово айылынан 18 чакырым түндүктө, Нарын шаарынан 88 чакырым батышта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү: Жаңы-Талап, Ак-Кыя, Байгончок, Үгүт, Көк-Жар, Ак-Талаа, Кара-Ой айылдарында 4,5 балл, Баетово, Жылан-Арык, 8 Марта айылдарында 4 баллга жеткен. Эмгек-Талаа, Достук, Шоро, Дедемел, Кош-Булак, Куланак конуштарында — 3 балл, Нарында — 2,5 балл.

Эске салсак, бүгүн да 7.33тө жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу республиканын аймагында, Жаңы-Талап айылынан 9 чакырым түндүк-батышты карай жайгашкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18