USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

10-майга карата аба ырайы

18:33, 09 мая 2025, Бишкек - 24.kg

Эртең, 10-майда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн +12...+17, күндүз +24...+29;

Талас дубанында түнкүсүн +7...+12, күндүз +21...+26;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12...+17, күндүз +26...+31;

Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +8...+13, күндүз +17...+22;

Нарын жергесинде түнкүсүн +6...+11; күндүз +23...+28.

Ал эми борбор калаа Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +15...+17, күндүз +25...+27 градус болот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18