USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Улуу Жеңишке 80 жыл: Бүгүн Бишкекте «Өчпөс полк» акциясы өтөт

09:05, 09 мая 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 9-майда «Өлбөс полк» акциясы өтөт. Борбор калаанын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда жүрүштүн багыты өзгөртүлдү.

Маалыматка ылайык, жүрүш жаңы маршрут менен — Жукеев-Пудовкин — Ибраимов көчөлөрү аркылуу өтөт.

Буга чейин колонна Байтик баатыр — Абрахманов көчөлөрү аркылуу жүрчү. Акцияга катышуучулар Дайыр Асанов атындагы паркта саат 8:00дө чогулуп, жүрүш саат 9:00дө башталат. Катышуучулардын баары Жеңиш аянтына 11:00гө келип калышы керек.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18