USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бүгүн Бишкектин Жаш Гвардия бульварынын бир бөлүгү ачылат

08:00, 09 мая 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 9-майда оңдоо иштери аяктагандан кийин Бишкекте Жаш Гвардия бульварынын дагы бир бөлүгү — Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейин батыш тарабында ачылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Өз кезегинде, ошол эле учурда жогоруда аталган тилкедеги жолдун чыгыш тарабы жабылган. Батыш тараптан убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат.

Калыбына келтирүү иштери графиктен озуу менен жүргүзүлүүдө. Подрядчик — «ДорСтрой Групп» ЖЧКсы.

Муниципалитет жакынкы аралыкта жол жээгиндеги аймакты жакшыртуу, анын ичинде унаа токтотуучу жайлардын чөнтөктөрүн оңдоо иштери жүргүзүлөрүн, ал эми жакынкы коммерциялык объектилердин менчик ээлеринин мэрия менен ижара келишими болгон шартта, алардын эсебинен жүргүзүлөрүн белгиледи.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18