USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Күч органдарынын офицердик курамынын эмгек акысы орточо 35%га көтөрүлөт

11:23, 08 мая 2025, Бишкек - 24.kg

Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тарта күч органдарынын офицердик курамынын эмгек акысы орто эсеп менен 35%га көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкектин борбордук аянтында өтүп жаткан Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик парадда сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, 1-ноябрдан тарта келишим боюнча кызмат өтөгөн аскер кызматкерлеринин айлык акысы да ушундай эле суммага көтөрүлөт.

«Эң акыркы үлгүдөгү заманбап техникаларды алып бердик. Биздин мекен коргоочулар заман талабына ылайык зарыл болгон бардык шарттар менен камсыздалды. Куралдуу күчтөрдүн аскердик бюджети 2020-жылдарга салыштырмалуу 400 пайыздан ашык көбөйтүлдү. Аскердик шаарчалардын жана горнизондордун инфратүзүмдөрү өнүгүүдө. Материалдык техникалык жабдуулар татыктуу деңгээлде камсыздалууда. Аскерлерибиздин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй бүлөөсү коомубузда өзүн ишенимдүү жана татыктуу сезиниши үчүн алардын айлык маяналары үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тарта көтөрүлдү. Убактылуу турак жайларда жашап жаткандыгы үчүн компенсациянын көлөмү да жогорулады. Бул аракеттер жөн гана колдоо чарасы эмес,мекенди коргоо кызматындагылардын күнү- түнү көз ирмебей эмгек кылган жоокерлердин мээнетин баалоо болуп эсептелет. Тагыраагы, биз коргонуу жөндөмдүүлүгүбүздү чыңдап жатабыз», — деп белгиледи мамлекет башчы.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18