USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда «Марал» радиосу өз ишин токтотту

15:38, 02 мая 2025, Бишкек - 24.kg

2012-жылдан бери иштеп келаткан «Марал» радиосу жабылды. Бул тууралуу журналист Бакыт Төрөгелди Фейсбук баракчасына жазды.

Ал жабылышынын себебин айткан жок. Азырынча радионун жетекчилигинин расмий билдирүүсү жок.

Посттун астындагы комментарийде автор сайттын жана социалдык түйүндөрдөгү баракчалардын үч айдан ашык убакыттан бери жаңыланбай жатканын, көптөгөн журналисттер башка маалымат каражаттарына жумушка орношуп кеткенин, «Марал» телеберүүсүн берип жаткан радио жыштык сатылып кеткендей сезилгенин түшүндүрдү.

«Жетекчилик расмий билдирүү жасай электиги соттук процесс бүтө электигин билдирсе керек. Бирок чындыгында Марал өз ишин токтотту», — деп жазган ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18