USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Фармакомпаниялардын ээси Жылдыз Садырбаева ЖКнын вице-спикери болуп шайланды

12:28, 30 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Жылдыз Садырбаеваны вице-спикерликке шайлашты. Ал кызматка жалгыз талапкер болгон.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында талапкерге 76 депутат «макул», 2 депутат «каршы» добуш берди.

Жылдыз Садырбаева 55 жашта. Ал Нарын шаарында төрөлгөн. 1993-жылы И.Павлов атындагы Санкт-Петербург медициналык институтунун жалпы медицина факультетин «Жалпы медицина» адистиги боюнча бүтүргөн. 1993-1995-жылдары Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында клиникалык ординатураны аяктаган.

Депутат Жылдыз Садырбаева

1995-1996-жылдары дерматология бөлүмүндө ассистент болуп иштеген. 1997-жылы «Жылдыз-Фарм» ишканасын негиздеген (2009-жылы «Фармамир» ЖЧКсы болуп өзгөртүлгөн). 2003-2021-жылдары «Эляй» ЖЧКсынын директору болгон. Компания фармацевтикалык продукцияны дүңүнөн сатуу менен алектенет.

2021-жылы «Ата Журт Кыргызстан» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Үй-бүлөлүү. Үч баланын энеси.

Эске салсак, Жамиля Исаева 28-апрелде Жогорку Кеңештин вице-спикерлик кызматынан өз каалоосу менен кеткен.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18