USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Чолпон-Ата шаарында беш күндөн бери суу жок

15:13, 28 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында беш күндөн бери суу жок. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурман билдирди.

Анын айтымында, суу түтүктөрүн оңдоо боюнча тургундарга маалымат берилип, бирок шаар даярдалбай, суу жеткирүү уюштурулган эмес.

«Жаңы суу түтүгүн тартып жаткандыктан суу жок. Үч күнгө электр жарыгы өчүрүлөт деген кулактандыруу болгон. Бир суткага өчүрүп, кечинде сууну кайра беришсе, запастык тетиктер жетишсиз болуп чыкты. Анан үч күн кайра өчүрөбүз дешти, аягында суу жок, бешинчи күнү суу чыкпайт дешти. Алар өздөрү билишпейт, элдер өздөрү жумушчулардан маалымат алышууда», — деп билдирди окурман.

Жаңылыкты 0555312024 номерине WhatsAppка жөнөтүп кабарласаңыз болот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18