USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Жамиля Исаева ЖК төрагасынын орун басары кызматынан кетти

10:29, 28 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева өз каалоосу менен кызматын тапшырды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдириди.

Маалыматта айтылгандай, мындан ары депутат катары ишин уланта берет.

Эске салсак, Жамиля Исаева «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын квотасы менен 2022-жылдын 12-январында төраганын орун басары болуп шайланган.

Кызматтан кетүүнүн себептери расмий түрдө айтыла элек.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18