USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Үч айда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 124 кылмыш иши козголгон

10:03, 28 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Үч айдын ичинде үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 124 кылмыш иши козголгон. Маалымат ачык маалыматтар порталында жайгаштырылган.

Материалдарга ылайык, эң көп кылмыш иши Чүй облусунда — 42, андан кийин Жалал-Абадда (20), Бишкек шаарында (17), Ош облусунда (16), Ысык-Көлдө (10), Баткенде жана Нарында (6), Ошто (5) козголгон. Талас облусунда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча эки гана кылмыш иши ачылган.

Тергөө Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» (9), «Ден соолукка оор залал келтирүү» (7), «Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү» (5), «Кыйноо» (7), «Зордуктоо» (4), «Зордук-зомбулук көрсөтүү менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» (4), «Үй-бүлөлүк зомбулук» (14) беренелери боюнча жүргүзүлгөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18