USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте шаар күнүнө карата атайын тасма көрсөтүлөт

10:39, 25 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

27-апрелде Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде шаар күнүнө карата атайын тасма көрсөтүлөт. Бул тууралуу KNMI Facebook баракчасында маалымдалды.

«Программада — башкы каармандардын бири Фрунзе/Бишкек болгон көркөм жана даректүү тасмалардын тандоосу камтылган. Сиз сейрек кездешүүчү кадрларды, архивдик кадрларды жана шаарыбыздын рухун жана кооздугун чагылдырган заманбап тасмаларды көрө аласыз», — деп айтылат маалыматта.

Kyrgyzsoc басылмасы өзүнүн кеңири изилдөөлөрүнүн алкагында «ОКБ ИКИ» уникалдуу архивдик тасмасын тартуулайт. Бул — СССР илимдер Академиясынын космостук илим-изилдее институтунун атайын конструктордук бюросу, ал космостук учуулар учун атайын жабдууларды жасап чыгарган.

«Менин мээримдүү шаарым» (1984) жана «Көз айнекчен адам» (1972) тасмалары көрсөтүлөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18