USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

ЖКда курулуш компанияларына тышкы башкарууну киргизүү сунушталды

11:15, 23 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин бүгүн, 23-апрелдеги жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев жарандарды алдаган курулуш компанияларына тышкы башкарууну киргизүүнү сунуштады.

Анын айтымында, «KG-Групп» курулуш компаниясына акча төлөгөн жарандар кайрылып, бирок мүлкү бар экенине карабай, компания имараттын 3-кварталын курбай жаткандыктан батирлерин ала албай жатышат.

«Көптөгөн курулуш компанияларынын жетекчилери элден акча алып, үйлөрүн куруп бүтө албай, жашынып жүрүшөт. Айрымдары темир тор артында отурушат. Сырттан башкарууну бир эле «KG Групп» компаниясына эмес, элди алдап жаткан бардык курулуш компанияларына киргизүү керек. Эгер алар күткөндөй иштебесе, аларга сырттан башкаруу колдонуларын билишсин», — деди депутат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18