USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

24-апрелде Бишкектин бир бөлүгү суусуз калат

13:00, 22 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

24-апрелде Бишкектин бир бөлүгү суусуз калат. Муниципалитеттен билдиришкендей, 24-апрелде саат 09:00дөн 00:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектешкен аймакта суу өчүрүлөт:

Ч. Айтматов проспектиси — Л. Толстой көчөсү (РКИБ инфекциялык ооруканасынын батыш тарабы) — Кулатов көчөсү — Игембердиев көчөсүнүн түштүк тарабы, Кулатов көчөсү- Панфилов көчөсү — М. Горький — көчөсү, Минина көчөсү — Пожарский көчөсү — М.Горький көчөсү — Ч. Айтматов проспектиси;

Манас проспектиси — Ж.Бөкөнбаев көчөсү — Н.Исанов көчөсү — темир жол линиясы;

Ч. Айтматов проспектиси — Балагулов көчөсү — Юдахин көчөсү — Алтымышев көчөсү — Матыев көчөсү — Л.Толстой көчөсү.

Суу диаметри 400 мм болгон Кара-Суу суу түтүгүн авариялык оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18