USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Орусияда Кыргызстандын мэрлери шаар башкаруунун эл аралык тажрыйбасын үйрөнүшөт

09:00, 22 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын бир катар шаарларынын мэрлери Орусиянын президентинин алдындагы Эл чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясында бир жумалык окуудан өтүшүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Заманбап шаарларды өнүктүрүүнүн жаңы технологиялары» программасы интенсивдүү бир жумалык курс форматында өтүп, мэрлерге шаарларды башкаруу боюнча алдыңкы эл аралык тажрыйбаны үйрөнүүгө, жаңы технологияларды жана стратегиялык инструменттерди өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Окууга республикабыздын он шаарларынын мэрлери келишти. Алар атайын семинарларга, мастер-класстарга жана практикалык тренингдерге катышып, ар кайсы өлкөлөрдө ийгиликтүү шаарларды башкаруу боюнча тажрыйба алмашат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18