USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Рим папасы Франциск дүйнө салды

14:11, 21 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Рим папасы Франциск каза болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги Ватиканга шилтеме берип кабарлады.

Белгилей кетсек, кечээ катуу оорудан айыгып кеткен Рим папасы динге ишенгендерге Пасха сөзү менен кайрылды. Ал Украинада жана Газа тилкесинде тынчтыкка чакырды.

Папа Франциск Ватикандагы Ыйык Петр аянтына чогулган динчилдердин алдына чыгып, аларга кол булгалады. Анын Пасхадагы сөзүн архиепископ Диего Равелли окуду.

Ватикан кабарлагандай, Рим папасы Италияга келген АКШнын вице-президенти Джей Ди Вэнс менен жолугушкан. Жолугушуу бир нече мүнөткө созулуп, "Пасха майрамы менен куттукташууга мүмкүнчүлүк болгон.

Рим папасы Франциск 88 жашта болчу.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18