USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандын Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору алмашты

18:17, 18 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Садыр Жапаров Эрнисбек Зарнаевди Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындоо тууралуу тескемеге кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейинки директор Асылбек Сатывалдиев ээлеген кызматынан бошотулду.

Эрнисбек Зарнаев
Эрнисбек Зарнаев 1976-жылы 30-январда Ысык-Көл районунун Бөкөнбаев айылында туулган.

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун юридикалык факультетин аяктаган. Бул кызматка дайындалганга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган. Юстиция министрлигинен билдиришкендей, ал «Бетон-Кей Г» ЖЧКсынын директору болгон.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18