USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Башар Асад Орусияга төрт учакка толгон акча жана баалуу буюмдарды ала кеткен

13:02, 18 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Сириянын бийликтен кулатылган президенти Башар Асад Орусияга качып баратканда төрт учакка толгон акча жана баалуу буюмдарды ала кеткен. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирет.

Дамасктагы президенттик сарайдын бөлмөлөрүнүн биринде Башар Асаддын жеке сувенирлери

 Сириянын мурдагы лидерин эвакуациялоо боюнча атайын операциянын жүрүшүндө 500 миң долларга жакын накталай акча, сүрөттөр, маанилүү документтер, ошондой эле конфиденциалдуу маалыматтар камтылган ноутбуктар жана катуу дисктер чыгарылганы белгиленген.

Агенттиктин маалыматына караганда, эвакуация Embraer Legacy 600 учагында жүргүзүлгөн. Учууну көзөмөлдөө системасына ылайык, Асад режиминин кулашына эки күн калганда учак Дамаск менен Абу-Даби ортосунда бир нече каттам жасаган.

 

Өткөн жылдын 6-декабрында учак Башар Асаддын үй-бүлө мүчөлөрү менен эки жолу учуп, акча, сүрөттөр жана скульптураларды ташыган.

7-декабрь - Банкноттор, ошондой эле финансылык отчеттор, корпоративдик жана кыймылсыз мүлк маалыматтары, банктык которуулар жана оффшордук эсептер боюнча маалыматтарды камтыган электрондук шаймандар менен толтурулган кара баштыктарды ташыган рейс жасалган.

 Эске сала кетсек, 2024-жылдын 8-декабрына караган түнү Сирияда Башар Асаддын режими кулаган. Козголоңчулар бийликти басып алышты . Согушкерлер мамлекеттик телевидение аркылуу  дароо түз эфирге чыгып, президенттик сарайды ошондой эле миңдеген адамдарды, анын ичинде бардык саясий туткундарды түрмөдөн бошотту. Армия багынып бергендигин жарыялады. Кулатылган президент Сириядан чыгып кетти. 9-декабрда Башар Асад үй-бүлөсү менен Москвада экени белгилүү болгон.

2025-жылдын март айында Сириянын убактылуу лидери Ахмед аш-Шараа орус лидеринен Башар Асадды сот үчүн өткөрүп берүүнү талап кылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18