USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Шашылыш билдирүү! Каракол-Эңилчек жолунда кар көчкү түшүшү мүмкүн

11:21, 18 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Каракол-Эңилчек унаа жолунда кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин эскертти.

ӨКМ басма сөз борборунун маалыматына караганда, 2025-жылдын 18-апрелинен 20-апрелине чейин өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тактап айтканда, Каракол-Эңилчек унаа жолунда (45-90 чакырым, Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүшү мүмкүн.

Буга байланыштуу КР ӨКМ айдоочуларга жолдун белгиленген тилкеси менен бара жаткан учурда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо зарылдыгын эскертет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18