USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандык Айбаз Орозбеков самбо боюнча Азия чемпиону болду

10:45, 18 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Азия чемпиону, кыргызстандык Айбаз Орозбеков (солдон экинчи)

14-20-апрель күндөрү Ташкентте самбо боюнча Азия жана Океания чемпионаты өтүүдө.Бул тууралуу Самбо боюнча эл аралык федерациянын сайтында маалымдалды.

Турнирге жаш спортчулардан баштап, чебер ардагерлерге чейин ар кандай курактагы спортчулар катышууда.

Төртүнчү күнү кыргызстандык өспүрүмдөр 19 медаль — 1 алтын, 6 күмүш жана 12 коло медалга ээ болушту.

64 килограмм салмакта Айбаз Орозбеков Азия чемпиону болду.

Эске салсак, алгачкы үч күндө кыргызстандыктар 36 медалга ээ болушкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18