USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Түгөлбай Казаков улуттук «Манас» театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды

09:00, 18 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин № 196-буюругуна ылайык, Кыргыз Улуттук «Манас» театрынын көркөм жетекчиси кызматына белгилүү маданият ишмери Түгөлбай Казаков дайындалды. Бул тууралуу театрдан билдиришти.

Жаңы жетекчини театрдын эмгек жамаатына маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Кемелович тааныштырды.

Министр өз сөзүндө Түгөлбай Казаковдун маданият тармагындагы көп жылдык тажрыйбасын жана улуттук мурастарды даңазалоого кошкон салымын белгилеп ийгилик каалады.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18