USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Быйыл январь-февраль айларында Орусиядан Кыргызстанга келген бензин көбөйдү

12:12, 17 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

2025-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстанга 73 миллион 300 миң долларга 170,2 миң тоннадан ашык автобензин импорттолгон. Мындай маалыматтар Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында камтылган.

Маалым болгондой, күйүүчү майдын негизги көлөмү Орусиядан ташылып келинген — 168,7 миң тонна. Ошондой эле Кыргыз Республикасына аз өлчөмдөгү бензин Казакстандан (776,4 тонна) жана Беларустан (745 тонна) жеткирилген.

Өткөн жылдын ушул мезгилине карата күйүүчү майдын импортунун көлөмү 118,3 миң тоннаны түзүп, Орусиядан гана ташылып келген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18