USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте Азербайжандын маданият күндөрү өтөт

10:22, 17 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

21-апрелден 24-апрелге чейин Бишкекте Азербайжандын маданият күндөрү өтөт.Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маданий иш-чаралар программасы:

21-апрель.

Саат 15:00 — Азербайжан улуттук мурас искусствосу көргөзмөсү. (Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде);

Саат 19:00 — Азербайжан искусствосунун чеберлери катышкан гала концерт. (Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында).

22-апрель.

Саат 14:30 — Азербайжан адабияты бурчунун ачылышы. (Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада);

Саат 15:00 — Бахтияр Вахабзаденин китебинин бет ачары. (Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада);

Саат 19:00 — Азербайжан мамлекеттик бий ансамблинин концерти. (Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында).

23-апрель.

Саат 16:00 — Азербайжан мамлекеттик пантомима театрынын режиссёру Жейхун Дадашовдун мастер-классы. (Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук орус драма театрында);

Саат 19:00 — Азербайжандын улуу композитору Узейир Гаджибейлинин 140 жылдыгына арналган симфониялык музыка кечеси. (Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында).

24-апрель

Саат 16:00 — Салттуу музыкалык аспаптар ансамблинин концерти. (Кыргыз улуттук «Манас» театрында);

Саат 19:00 — Джаз музыкасынын кечи. (Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында).

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18