USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Саймалуу-Таш паркындагы жерди ижарага берүү боюнча аукцион жарыяланды

10:42, 16 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Саймалуу-Таш сейил багындагы жер тилкелерин ижарага берүү боюнча аукцион жарыяланды.

Белгилей кетсек, Көк-Артта жайгашкан айдоо жана жайыт жер тилкелери аукционго коюлган. Жер убактылуу ижарага берилет.

Аукционго жалпы аянты 6 гектардан ашык алты участок коюлду:

16-квартал — 0,5 га;

17-квартал — 1,5 га;

12-квартал — 0,8 га;

13-квартал — 1 га;

14-квартал — 1,5 га;

21-квартал — 0,8 га.

Арыздар 2025-жылдын 14-майына чейин Казарман айылы, Жээналиева көчөсү, 113 дареги боюнча кабыл алынат.

Буга чейин Саймалуу-Таш улуттук жаратылыш паркынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө 2 миллион сом бөлүнгөнү маалымдалган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18