USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Куала-Лумпурда Чыңгыз Айтматовдун урматына көчө пайда болушу мүмкүн

10:04, 16 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Анвар Анарбаев Куала-Лумпур шаарынын мэри Маймуна Мохд Шариф менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Малайзиянын борбор шаарларынын ортосунда боордош шаарлар мамилесин түзүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле шаар инфраструктурасын өнүктүрүү, көрктөндүрүү, коомдук траспортту жакшыртуу, экологиялык абалды оңдоо жана узак мөөнөттүү шаарды пландаштыруу тармактарында кызматташуу жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашуу орун алды.

Малайзия тарап Кыргызстандын муниципалитеттеринин кызматкерлерине үчүн тренингдерди жана квалификацияны жогорулатуу боюнча курстарын уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле элчи Анвар Анарбаев 2028-жылы белгилене турган Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине байланыштуу Куала-Лумпур шаарынын көчөлөрүнүн бирине улуу жазуучунун ысмын ыйгаруу сунушун киргизди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18