USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ошто күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

09:29, 15 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

14-апрелде саат 23:11де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү Ош шаарында 4 баллга, Ош облусунун Кара-Суу шаарында 3,5 баллга, Ноокат шаарында 3 баллга, Өзгөн шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Учурда жер жерлеринде жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18