USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

ТИМ Москвадагы кыргызстандыктар кармалганына байланыштуу орус элчисин чакырды

14:11, 14 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Россия Федерациясынын элчиси Сергей Вакунов Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине чакырылды.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу 11-апрелде Москва шаарындагы «Бодрость» мончо комплексинде Кыргызстандын жарандарын массалык түрдө кармоого байланыштуу уюштурулган.

КР ТИМи Россия тарапка укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн операциянын, ошондой эле жарандарга карата күч колдонуунун негиздери боюнча маалымат берүү жана эгерде күч колдонуу негизсиз болсо, бул окуя боюнча Москванын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө карата тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен расмий нота берди.

 

Ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча натыйжалуу чараларды көрүү жана келечекте кыргыз-орус союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерине доо кетире турган ушул сыяктуу жагдайларга жол бербөө өтүнүчү айтылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18