USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Орусиядан ташылып келген 16 тонна жасалма сүт азыктары артка кайтарылды

11:37, 14 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Россиядан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 16 тонна сүт азыктары артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Чүй облусундагы «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү пунктунун «Ак-Тилек» чек ара ветеринардык постунун инспекторлору тарабынан Россиядан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келиген 16 536 литр сүт азыктарына текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары бузулганы аныкталды.

Натыйжада «Ак-Тилек» чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайынын инспекторлору тарабынан тиешелүү акт түзүлүп, жүк Россияга кайра артка кайтарылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18