USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ош шаарында эски жана көрксүз аянтчалардын ордуна 200 жаңы аянтча курулат

10:38, 14 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында эски жана көрксүз аянтчалардын ордуна 200 жаңы аянтча курулат. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, шаардын ичинде курулуш объектилери аныкталды.

Маалыматка ылайык, балдар аянтчалары шаардын аймагындагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы бош турган жерлерге курулат.

Учурда иштер башталып, биринчи этаптын алкагында элүү комплект аянтчанын жабдыктары алынып келинип Анар, Төлөйкөн жана Кулатов кичи районунда орнотуу жумуштары жүрүп жатат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18