USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

УЕФА Чемпиондор Лигасы. «Барселона» -«Боруссияны», «ПСЖ» — «Астон Вилланы» жеңди

16:06, 10 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын дагы эки беттеши өттү. Бул тууралуу уюмдун сайтында айтылат.

Каталониялык «Барселона» клубу Дортмунддук «Боруссияны» 4:0 эсебинде утуп алды.

Голдорду Рафинья менен Ламин Ямал киргизсе, Роберт Левандовски экиден гол киргизди.

Ал эми Пари Сен-Жермен Астон Вилланы 3:1 эсебинде утуп алды.

Конокторду Морган Роджерс алдыга чыгарды, бирок Дезири Дуэт эсепти теңеди. Хвича Кварацхелия менен Нуно Мендес бирден гол киргизишти.

Жооптук беттештер 15-апрелде өтөт.

Эске салсак, буга чейин «Арсенал» «Реалды», «Интер» «Баварияны» жеңген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18