USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Пайдалуу кеңеш: Карылар үчүн эң пайдалуу десерттер аталды

12:56, 10 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Көбүнчө инсулинге туруштук берүү жана кант диабетинен жапа чеккен улгайган адамдарга кант алмаштыруучу же кумшекерсиз десерттерди тандоо сунушталат. Бул тууралуу дарыгерлер билдирди.

Маалыматка ылайык, организмдин курамына жана жеке реакцияларына көңүл буруу зарыл.

«Ден соолукка пайдалуу десертте быштак, кебек жана жумуртка бар. Сүт азыгында сөөккө керектүү кальций бар, кебек ичегилердин иштешин жакшыртат. Ал эми жумуртка белоктун булагы», — деп түшүндүрдү адис.

Адистер кара өрүк менен сулу печеньесине көңүл бурууну кеңеш кылууда. Каршы көрсөтмөлөр жок болгон учурда май кислоталарына, аргинин аминокислоталарына жана флавоноиддерге бай халва жана кара шоколадды жесе болот. Нан азыктарына альтернатива катары калийге бай кургатылган өрүк, корица кошулган бышырылган алма сыяктуу жемиштерди жесеңиз болот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18