USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бүгүн борбор калаанын батыш тарабында суу өчүрүлөт

08:00, 10 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 10-апрелде борбор калаанын табыш тарабында суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 10:00дөн 24:00гө чейин Алыкулов көчөсү — Кустанай көчөсү — ЧЧК — Ала-Арча суусу — Рыскулов көчөсү (Дэн Сяопин проспектиси) — Интергельпо — темир жол линиясы, ошондой эле (Пригородное) Юбилейная көчөсү — Горький көчөсү—Садовая көчөсү (Пригородное) — ЧЧК менен чектешкен аймактарда, Аскер шаарчасы, Кызыл Аскер конуштарында, 110-квартал, Достук кичи райондорунда суу болбойт.

Ичүүчү суу «Батыш» суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18