USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун I окууда кабыл алды

17:28, 09 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 9-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Парламенттен билдиришкендей, министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун маданият министринин орун басары Марат Тагаев тааныштырды.

Анын максаты КР Конституциясында белгиленген жана кепилденген ар бир адамдын өз оюн эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине, маалыматты алууга жана жайылтууга болгон укугун ишке ашырууга, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга жана бул укуктарга байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салууга, ошондой эле көз карандысыз, жооптуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү жалпыга маалымдоо каражаттарын түзүүгө өбөлгө боло турган жалпыга маалымдоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган.

Ушуга байланыштуу ЖМКларды каттоонун, кайра каттоо жана алардын ишмердигин токтотуу, маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүнүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердигин уюштуруунун ченемдерин жана журналисттердин кесиптик ишмердиги менен байланышкан башка ченемдерди иретке келтирүү сунушталууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18