Бишкекте дем алыш күндөрү күн ысык болот. 10-13-апрелге карата аба ырайы
13:12, 09 апреля 2025, Бишкек - 24.kg
Бишкекте аптанын экинчи жарымында күн ачык болот. Мындай божомолду синоптиктер билдирди.
10-апрелде ала булут каптайт. Түнкүсүн 8...10 градус жылуу. Күндүз аба +25 градуска чейин жылыйт.
11-апрелде түнкүсүн 9...11 градус жылуу болот. Күндүз +28 градуска чейин жылыйт.
12-13-апрелде түнкүсүн +14 градус. Күн ачык болуп, күндүз +31 градус жылуу.