USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бүгүндөн тарта № 55, 56 автобус каттамдарынын кыймылы өзгөрөт

09:00, 08 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 8-апрелден тарта № 55, 56 автобус каттамдарынын кыймыл схемасы жарым-жартылай өзгөрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, өзгөртүүлөр транспорттук тейлөөнү жакшыртуу, жүргүнчүлөрдүн жолго кеткен убактысын кыскартуу жана ыңгайлуулукту жогорулатуу максатында киргизилүүдө.

№ 55 каттам «Чоң-Арык — Маевка МАБ» багытында каттайт. Буга чейин автобус Семетей көчөсү жана Айланма жол аркылуу каттаса, эми кыймыл Жибек-Жолу проспектиси жана Махатма Ганди көчөсү аркылуу уюштурулат. Бул өзгөртүү Чоң-Арык менен Маевканын ортосунда түз жана ыңгайлуу каттамды камсыз кылат.

№ 56 каттам «Чоң-Арык — Аламүдүн-1» багытында каттайт. Буга чейин автобус айланма жол (кольцевой) схема менен жүрсө, эми ал Байтик баатыр, Жумабек, Салиева жана М. Ауэзов көчөлөрү аркылуу каттайт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18