USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

«Манас» эл аралык аэропортунда учууга чектөөлөр киргизилди

10:53, 07 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

«Манас» аэропортунда учуу тилкесин оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Алена Хоменко билдирди.

Буга байланыштуу ар бир дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү саат 18:00дөн 3:00гө чейин каттамдар токтотулган.

«Бардык авиакомпанияларга пландалган оңдоо иштери тууралуу маалымдалган. Жүргүнчүлөрдөн учуу графигиндеги өзгөрүүлөрдү эске алууну суранабыз», — деп айтылат маалыматта.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18