USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандын ТИМ башчысы Нью-Йорк шаарына иш сапары менен барат

10:29, 07 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 7-8-апрель күндөрү Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасына иш сапары менен барат. Бкл тууралуу ТИМден билдиришти.

Сапардын алкагында министр Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелерин жана анын мындан ары чыңдалышын талкуулашат.

Башкы катчы менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун өткөн жылдын июль айында Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын аткарылышына өзгөчө көңүл бөлүнөт.

Мындан тышкары, сапардын жүрүшүндө эл аралык кызматташтыктын алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоо үчүн аймактык уюмдардын жетекчилери менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18