USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда 66 миңден ашык бала мектепке тартылды

10:05, 07 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын мектептеринде 66 миңден ашык бала катталган. Бул тууралуу 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарда айтылат.

Системага ылайык, 600дөн ашык бенефициарлар катталган. 220 миңден ашык орун бош бойдон калууда.

Бишкек шаарында 1-класска 5 миң бала, ал эми экинчи класска 6,2 миң бала барат.

Эскерте кетсек, электрондук каттоонун биринчи этабы туруктуу катталган дарек боюнча — 1-июнга чейин жүргүзүлөт. 12 жылдык билим берүүгө өткөндүгүнө байланыштуу азыр биринчи жана экинчи класстар үчүн да каттоо ачык. Система 2018-жылы төрөлгөн балдарды 2-класска, 2019-жылы төрөлгөн балдарды биринчи класска автоматтык түрдө берет.

2019-жылы төрөлгөн балдар 480 сааттык «Наристе» мектепке даярдоо программасын бүтүргөн болсо, алар да экинчи класска бара алышат. Ал үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдары balalyk.edu.gov.kg электрондук базасына маалыматтарды киргизиши керек.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18