USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кара-Суу шаарынын борбордук базарынын жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

15:08, 04 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Кара-Суу шаардык базарынын аймагында жайгашкан жалпы аянты 5600 чарчы метр жер тилкелери мамлекеттик баланска кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

 Тергөөнүн жүрүшүндө – жер тилкелерин каттоодо Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптары бузулгандыгы аныкталган. Белгилей кетсек, аталган базардын аймагы «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясына кирет, бирок ал иш жүзүндө коммерциялык максатта колдонулган, бул боюнча «Кыргызгипрозем» мамлекеттик ишканасынын расмий маалыматтары тастыктайт.

Жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында аталган рыноктун аймагынын мурдагы ээлерине ижара акысы түрүндө ай сайын 250 миңден 300 миң сомго чейин акча каражаттары келип түшкөнү, ал эми бир соода түйүнүнүн орточо наркы 60 миң акш долларын түзөрү аныкталган.

 

Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча жогоруда аталган жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18