USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кара-Суу районунда дагы бир логистикалык борбор курулат

13:07, 04 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка жерлер» категориясына которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому чыкты. Документ өкмөттүк «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланды.

Маалым болгондой, индустриалдык-логистикалык борбор куруу үчүн 0,805 гектар сугат айдоо аянты башка категорияга которулууда.

Кара-Суу районунун акими Канат Табалдиев 24.kg агенттигине объекттин курулушун ал жерге ээлик кылган жеке адамдар жүргүзө тургандыгын тастыктады. Анын айтымында, менчик ээлери өздөрү бийликке индустриалдык-логистикалык борбор куруу үчүн өздөрүнүн жерин трансформациялоо өтүнүчү менен кайрылышкан.

Эске салсак, 2022-жылы министрлер кабинети тарабынан Кара-Суу районундагы 8 гектар аянт индустриалдык-логистикалык борборго ылайыкташтырылып трансформацияланганы да маалымдалган. Канат Табалдиев бул объект дээрлик бүтүп калганын жана быйыл ишке киргизүү пландалып жатканын билдирди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18