USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш парадына катышат

11:37, 04 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 9-майда Москвадагы Жеңиш парадына катышат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өлкө башчынын аппаратынан билдиришти.

Мындан улам Бишкекте парадды 8-майда өткөрүү чечими кабыл алынганы белгилүү болгон.Буга чейин Садыр Жапаров 8-майда борбор калаанын Ала-Тоо аянтында Жеңиш парадын өткөрүү боюнча жарлыкка кол койгону, быйыл 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленип жатканы маалымдалган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18