Таластагы эң бийик чокуга «Бакай-Ата» деген географиялык аталыш ыйгарылды
09:09, 04 апреля 2025, Бишкек - 24.kg
Президент Садыр Жапаров " Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаев айыл аймагынын Кара-Сай айылынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан тоо кыркасынын бийиктиги 4457 метр болгон эң бийик, аты жок чокусуна «Бакай-Ата» деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө" мыйзамга кол койду.
Эми бул эң бийик чоку «Бакай-Ата» деген географиялык атка ээ болот.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.