USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: «Ишкерлер блоггерлердин үстүнөн арызданышууда»

12:32, 02 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу ишкерлер блоггерлердин үстүнөн арызданышканын билдирди.

Нурланбек Тургунбек уулунун айтымында, блоггерлер ишкерлерге баргандан кийин укук коргоо органдары келип текшерип, ишине тоскоолдук жаратууда.

«Укук коргоо органдарына текшерүүдөн этият болушун суранат элем. Блогерлер анализ менен жакшы маалымат беришсе жакшы болмок. Көпчүлүгү таарынычтан, көрө албастыктан, ж.б.у.с. бир нерселерди жазышат, силер текшергени чуркайсыңар», — деди парламент төрагасы.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18