USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Панфилов парктагы кыздын кулашы. Аттракциондун оператору кармалды

11:08, 02 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Укук коргоо кызматкерлери кыз кулап түшкөн Панфилов атындагы парктын операторун кармашты. Бул тууралуу 24.kg басылмасына борбор калаанын Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-март күнү Биринчи май районунун аймагында жайгашкан Панфилов атындагы сейил бакдагы аттракциондордун биринен 2006-жылы туулган Ш.Ж., аттуу кыз кулап, оор жаракат алып, ооруканалардын бирине жеткирилген.

Аталган окуя боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси ( Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган Ш.А. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18