USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Түркмөнстан Кыргызстанга 2026-жылга чейин электр энергиясын берет

16:49, 01 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан Түркмөнстан менен 2026-жылга чейин электр энергиясын жеткирүү боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, келерки жылы Орусия, Казакстан жана Өзбекстан менен электр энергиясын жеткирүү боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Таалайбек Ибраевдин айтымында, бул мамлекеттердин баары менен 2025-жылга карата келишимдер бар. Ал импорттун көлөмүн ачыктаган жок.

2024-жылга карата Кыргызстан 3 миллиард 634,4 миллион киловатт-саат электр энергиясын импорттогон.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18