Бишкек тургунунун үйүнөн 10 миллион сомдук баңгизат табылды
Бишкек шаарынын 34 жаштагы тургуну А.З.нын үйүнөн 10 миллион сомдук баңги заты табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-мартта укук коргоо кызматкерлерине борбор калаада белгисиз адамдар баңги затын сатып жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Кылмышка шектүү Токтоналиев жана Таш-Көмүр көчөлөрүнүн кесилишинен кармалган. Анын үйүнөн 4 килограмм 802 грамм ар кандай түрдөгү баңги заты табылган. Шектүүнүн айтымында, баңгизаттардын баасы 10 миллион сомдон ашуун. Ал аларды Telegram аркылуу кабыл алды.



