USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Тажикстан менен Кыргызстан энергетика тутумдарын бириктирди

11:49, 31 марта 2025, Бишкек - 24.kg

Тажикстан менен Кыргызстандын президенттери Эмомали Рахмон менен Садыр Жапаров эки өлкөнүн энергосистемаларын бириктирген «Согди-Датка» электр өткөргүч линиясын (500 киловольт) ишке киргизишти. Бул тууралуу @politik_ca билдирди.

Бул долбоор CASA-1000 ири демилгесинин бир бөлүгү болуп саналат. Анын максаты Борбор Азиядан Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясын экспорттоого багытталган.

Долбоор 2016-жылы башталган жана ага 1,2 миллиард долларга жакын каражат жумшалган. Тажикстан менен Кыргызстандагы электр өткөргүч линиясынын участоктору даяр, ал эми Ооган бөлүгү 2026-жылга чейин бүткөрүлүшү күтүлүүдө

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18