USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон тет-а-тет форматында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

11:06, 31 марта 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 31-мартта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Хожент шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен тет-а-тет форматында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү, деп билдирди мамлекет башчынын басма сөз кызматы.

Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу кызматташуунун, анын ичинде соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы өз ара аракеттенүүнүн кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Тараптар жетишилген макулдашуулар кыргыз-тажик мамилелеринин жаңы этабын белгилеп, туруктуу тынчтык, экономикалык өнүгүү жана эки элдин ортосундагы ынак коңшулукту чыңдоо үчүн бекем пайдубал түзөөрүнө ишеним билдиришти.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18