USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекке республикалык бюджеттен 4,5 миллиард сом бөлүнөт

14:07, 27 марта 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкекке республикалык бюджеттен 4 миллиард 500 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында билдирди.

«Бул акча борбор калааны колдоо максатында бөлүнүүдө. Мындан тышкары, жыл башында президент тарабынан таштандыларды сорттоочу заводго 100 миллион сом бөлүнгөн. Таштандыларды чыгарганга чейин иргейбиз. Заводдун курулушун ушул жылдын декабрына чейин бүтүрүүнү пландап жатабыз», — деди мэр.

Бишкек шаардык кеңеши борбор калаанын 2025-жылга карата бюджетинин долбоорун талкуусуз кабыл алды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18